21. Бир түз сызыкта жатпаган А, В, С чекиттери берилген (18- сүрөт). Алардын ар бир түгөйү аркылуу түз сызык жүргүз-
гүлө. а) Канча түз сызык сызылды? Аларды белгилегиле;
б) Түз сызыктардын кесилишкен чекиттерин аныктагыла.
Алар кайсы түз сызыктардын кесилишкен чекити болот?
в) Башталышы А, В, С чекиттери болгон шоолаларды атагы-
ла. Кошумча белгилөөлөр аркылуу шоолаларды жазгыла. Кан-
ча шоола алынды?