Сөздөрдүн тутумунда, бирөө болобу, экөө болобу, сөз мүчөлөрү (морфемалары) болот. Жалпы лингвистикада сөз мүчөлөрүн морфемалар деп аташат. Морфема (сөз мүчөсү) тууралуу жогоруда айтылды. Кыргыз тилинде маани-мазмундук белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турган сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) үч түрү бар. Алар:
Уңгу (сөздүн уңгусу, башкача айтканда, сөздүн уңгу мүчөсү).
Сөз мүчөлөрү (морфемалар) бардык сөздөрдө дайым эле толук катыша бербейт. Кээ бир сөздөр жалаң эле уңгудан турат:
үй, жоо, ат, апа, жүрөк, кулак, баатыр, кумурска ж.б. Булардын ар биринде сөздүн бир гана мүчөсү бар, ал – уңгу. Башкача айтканда, бул сөздөрдөн бардыгы – уңгулар.
Кээ бир сөздөр уңгу жана куранды мүчөлөрдөн турат: уй-чу, жоо-кер, ый-ла-, сөз-мөр, уч-куч, жүрөк-түү, баатыр-дык ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, куранды) турат. Уңгу жана уланды мүчөлөрдөн турган сөз формалары да бар: апа-м, кулак-тын, айт-па, жүрөг-үм, ат-ың ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, уланды) турат.
Уңгу, куранды жана уланды мүчөлөрдөн турган формалар да бар: кий-им-ди, ой-мог-ум, ач-кыч-ыңыз ж.б. Булардын ар бири үч мүчөдөн (уңгу, куранды, уланды) турат

Куранды (сөздүн куранды мучөсү). Уланды (сөздүн уланды мүчөсү).

Объяснение:
отметь как лудший