ОБРАЗ көркөм адабиятта - турмуштун конкреттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. Образ илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз предметин көркөм образ аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйбасына, турмуш чындыгына, көрүп-билген кишилерге алымча-кошумчаларын киргизет, натыйжада образдын эстетикалык жана тарбиялык кудурети көрүнөт.