Прочитайте текст. Выполните задания 10-11 к нему. (1) Арарат на рассвете встает над персиковыми садами грома-
дой сверкающего, только что расколотого сахара. (2) Он преследует
вас, и где бы вы ни были, у себя за спиной вы чувствуете громаду
высоко взметенной в небо сказочной горы. (По К. Паустовскому)
ОСлово, выделенное в предложении (1), является
A Б B Г
А подлежащим
Б сказуемым
В дополнением
Гопределением
Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын алтын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Кыргыз эли өткөн миң жылдыктагы адамзаттын дүйнөлүк маданиятына «Манас» эпосун жаратуу менен чоң салым кошту деп сыймыктануу менен баса белгилесек болот. Манас» эпосу дүйнөдө тендешсиз зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 миң сап ырды түзөт.
Кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эн байыркы доордон берки басып өткөң тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет. Андан байыркы жамааттык коомдук формациянын түзүлүшүнүн айрым мүнөздүү белгилерин аскер демократиясын (согуштан түшкөн олжолорду бөлүштүрүүдө кошуундун мүчөлөрүнүн тен укуктуулугу, жол башчыларды, хандарды шайлоо ж. б.) баамдоого болот.