Суроолор жана тапшырмалар: 1. Кыргыз тилинин лексикасынын байышынын ички булакта- рына кайсылар кирет? Эмне учүн аларды ички булактар деп айтабыз? 2. Морфологиялык (аффиксациялык) жол менен жаны маа- нидеги сездерду жасоодо кандай мучелер активдуу роль ойнойт? 3. Синтаксистик жол менен жасалган жаны маанидеги сездердун жана семантикалык ыкма менен пайда болгон сездердун айырмачылыгы эмнеде? 4. Сезме-сез которуу жолу (калькалоо) аркылуу пайда болгон сездердүн кандай турлеру (же жолдору) бар. Эмне учүн аларды «толук» жана «толук эмес» деп белүштүрөбүз? 5. Орус тилинен кабыл алынган сездерду кандай доорлорго бөлүштүрөбүз, алардын негизги айырмачылыгы эмнеде? 6. Aраб, иран-фарсы тилинен кабыл алынган сездердун лек- сикабыздагы орду кандай, алар тыбыштык өзгерүүлөрге учураганбы?
Объяснение:
Сабактын темасы: Кыргыз лексикасынын активдүү жана пассивдүү сөз катмарлары Бир тилдеги бардык сөздөр ошол тилдин лексикасын түзөт. Ал эми сөздөрдүн составы бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү процессинде болуп турат. Тил- бул закон ченемдүү нерсе; тил - коомдук көрүнүш, коомдогу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тилдин лексикалык байлыгы да өзгөрүүгө учурайт. Адамдардын турмуштиричилигинде жаңы пайда болгон түшүнүктөрдү, нерселерди атоо үчүн тилдин лексикасы жаңы сөздөр менен тынымсыз толукталып отурат. Ал эми эскирген түшүнүктөргө, көрүнүштөргө, көз караштарга байланыштуу сөздөр тилдин сөздүк составынан чыгып, ордун жаңы сөздөргө бошотуп берет. Ушуга байланыштуу кыргыз тилинде эскирген жана жаңы лексика бар.
Сабактын темасы: Кыргыз лексикасынын активдүү жана пассивдүү сөз катмарлары
Бир тилдеги бардык сөздөр ошол тилдин лексикасын түзөт. Ал эми
сөздөрдүн составы бир калыпта турбастан ар дайым жаңыруу, эскирүү
процессинде болуп турат. Тил- бул закон ченемдүү нерсе; тил -
коомдук көрүнүш, коомдогу өзгөрүүлөрдүн натыйжасында тилдин
лексикалык байлыгы да өзгөрүүгө учурайт. Адамдардын турмуштиричилигинде жаңы пайда болгон түшүнүктөрдү, нерселерди атоо
үчүн тилдин лексикасы жаңы сөздөр менен тынымсыз толукталып
отурат. Ал эми эскирген түшүнүктөргө, көрүнүштөргө, көз караштарга
байланыштуу сөздөр тилдин сөздүк составынан чыгып, ордун жаңы
сөздөргө бошотуп берет. Ушуга байланыштуу кыргыз тилинде
эскирген жана жаңы лексика бар.Лексикалык курамдагы тигил же бул сөздүн колдонуудан чыгып
калуу себептери бардык учурда бирдей эмес. Эскирген сөздөрдүн
колдонуудан чыгуусу да ар түрдүү. Кээ бир сөздөр белгилүү бир
мезгилге чейин активдүү колдонулуп келип, учурда речибизден
таптакыр чыгып калышы мүмкүн, ал эми экинчи бирлери тилдин
активдүү запасынан чыккан менен али элдин эсинде сакталып, өткөн
доордун көрсөткүчү катарында кездешет.
Демек, эскирген сөздөрдүн катары бирдей эмес, ошондуктан
мындай сөздөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүнө, мүнөзүнө карай
негизинен историзмдер, архаизмдер деп эки топко бөлөбүз.
Ал эми тилдин лексикасында жаңы пайда болгон сөздөр
неологизмдер болот.