Атооч сөздөр деп зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атоочторду айтабыз. Грамматикалык белгилери боюнча этиштин кыймыл атооч жана атоочтук өзгөчө формалары да атоочтор сыяктуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Акыркылары, кыймыл атооч менен атоочтуктар – туунду формалар. Ошондуктан, булардагы сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби да атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартибиндей эле болот. Кыймыл атоочтор менен атоочтуктардан мисал келтиргенде биерде алардын этиш уңгулары эске алынбады, анткени, жогоруда айтылгандай, алардагы мүчөлөрдүн жайгашыш орун тартиби кыймыл атооч, атоочтук болуп турган негиздерден башталат.
Атооч негиздерге (уңгуларга) уланды мүчө жалгангандан кийин эч качан куранды мүчө жалганбайт. Демек, курандылар жалганса, негизге гана жалганат, ал эми уланды мүчөлөр болсо, негизге да (анын ичинде уңгуга да) жана уландылардан кийин да жалгана берет.
Мисалы: ырчы, эмчи, орундук, курдаш деген сөздөрдө куранды мүчөлөр (-чы, -дык, -даш) тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганды; басмакана, башкармалык, саймачы, сырдама деген сөздөрдө куранды мүчөлөр(-лык, -чы, -ма, -кана) туунду негиздерге, башкача айтканда, курандылардан кийин келип жалганды.
Атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби