241 Төмөнкү сүйлөмдөрдөгү ээ менен баяндоочтун ортосундагы ээрчишүүнү (сан, жак, түр боюнча) ажыраткыла. 1. Ай дайым Жердин айланасында айланып турат. 2. Акулалар медуза жана майда балыктар менен азыктанат. 3. Мен комузчулук өнөрдү абдан жакшы өздөштүрүүдөмүн. 4. Алар мамлекеттик эк- замендерин ийгиликтүү тапшырып жатышат. 5. Ата-бабаларыбыз көчмөн турмушта жашашкан. 6. Ал космос мейкиндиги жөнүндө кеңири маалымат берди. 6. Биз Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп жатабыз.